Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шектелип кармалганы айтылды
- 2 года мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы алдамчылыкка шек саналып кармалганын бир катар ЖМК жеке булактарына таянып, жазып чыкты.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун маалыматында, аты-жөнү А.Т.О. деген тамгалардан башталган жаран 11-июлдагы чечим менен 11-августка чейин камакка алынганы кабарланды.
А.Т.О.нун иши кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык») менен тергелип жатканы белгилүү болду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




