Камчыбек Ташиевден жооп. Эки дос, президенттик мөөнөт жана президенттик дымак тууралуу

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин экинчи курултайдагы эки дос тууралуу айткандарына өз оюн Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Камчыбек Ташиев мындай деп жазды:

«Урматтуу мекендештер! Эми гана өзүмө келдим. 3 күндөн бери катуу ооруп, эми гана баш көтөрдүм. Ажобуздун элдик курултайда мен жөнүндө айткан пикирине өз оюмду билдирип коюуну чечтим.

Биринчиден, президентибиз  туура айтты, эки дос мансап үчүн эч качан чырдашпайбыз.

Экинчиден, биз үчүн кыргыз элибиздин тынч, бакубат, келечектүү жашоосу эң кымбат жана эч нерсеге алмаштырылгыс бакыт!

Үчүнчүдөн, президентибиз мурдагы Конституциянын негизинде 6 жылга шайланган, ал эми бүгүнкү Конституциянын негизинде дагы бир жолу 5 жылга экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу, ошондуктан Садыр Нургожоевичти колдоп, кубаттап, чогуу элибизге кызмат кылабыз деп үмүт артамын. 8 жылдан кийин да эл-журт деп Садыр досумдай күйүп-жанган кыргызымдын бир инсаны чыга берет буюрса.

Камчыбек Ташиев 17, 12.23. саат 21:45, оорукана». деп жазган Фейсбук баракчасына Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров экинчи элдик курултайдын экинчи күнү, катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып. Камчыбек Ташиев тууралуу мындай деп айткан:

«Камчыбек Ташиев экөөбүздүн ортобузду бузууга кызыкдар жактар бар. Алар ушундай болсо бийликти кулатуу оңой болот деп эсептешет. Мен алардын ою ишке ашпайт деп ишенимдүү айта алам. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев экөөбүздүн ортобузда ажырым болбойт», — деди президент Садыр Жапаров эикнчи элдик курултайда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчы делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып анда белгилүү аксакалдардын биринин санаалаштарын Камчыбек Ташиев бийликти колго алууну көздөп жатат деген сыяктуу ушак таратууга үндөп жаткан видеосу бар экенин белгиледи.

«Ал Ташиев экөөбүздү кайраштырууга басым жасап жатканын көрүүгө болот. Мен бул видеону жарыялап, аксакалды уяткарып койсом деле болмок, бирок аны адам катары аядым. Ошондуктан мен мындай кылбайм. Азыр алар кичине тынчтанып калышты. Жалпысынан ушул сыяктуу кызыктар жактар бар.

Мен үчүн Камчыбек Ташиев коркунучтуу эмес. Биз ортобузду бузууну көздөгөн мындай күчтөргө жол бербейбиз» деген Садыр Жапаров курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берүү учурунда.   

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты