Камчыбек Ташиев уруулардын курултайын өткөрүүнү токтотуу керектигин билдирди
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыздардын арасында урууларга бөлүнүү көбөйүп кеткенин, уруулардын курултайларын өткөрүүнү токтотуу керектигин билдирди.
“Кыргыздардын арасында урууга бөлүнүү көбөйүп кетти. Урууга бөлүнүүнү токтотушубуз керек. Ар бирибиз “менин уруум кыйын болгон, көп болгон, уруумдан ушундай адамдар чыккан” деп, эн тамга, байрак, тууңарды белгилеп, республика боюнча курултай өткөргөнүңөрдү токтотушуңар керек. Бул туура эмес. Уруучулукка бөлүнүп, аны мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу бул өтө калпыстык жана туура эмес” деди Камчыбек Ташиев
-Туура, биз жети атабызды билишибиз керек, уруубузду, туугандарыбыз ким экенин билишибиз керек, бирок ошол эле мезгилде тууганчылыкты мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыкканды токтотушубуз керек. Мындан ары мамлекеттик деңгээлде уруулардын курултайларын өткөрүүнү токтоткула. Өзүнчө мамлекетке окшоп кетип жатканыңарды токтоткула. Ушул маселелерди туура кабыл алсак, булардын бардыгы элибиздин тынчтыгы, коомубуздун стабилдүүлүгү, жакшы жашоонун маселеси болуп айтылып жатат. Бул жөндөн жөн эле кимдир-бирөөгө керек болуп, коркуп кетип же кимдир-бирөөгө жагынайын деп айтылып жаткан нерсе эмес. Булардын бардыгы бүгүнкү күндөгү турмуштук маселелер,- деди Ташиев.
Сүрөт: Интернет булактарынан




