Камчыбек Ташиев суунун аздыгына карабай, электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого чакырды

  • 2 месяца мурун

Камчыбек Ташиев бул жылы суу аз топтолгонуна карабай, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай, калкты жарык менен камсыз кылууга чакырды.

Бул тууралуу ал Нарын райондук электр тармактар ишканасынын имаратын пайдаланууга берүү учурунда билдирди.  

Нарындагы райондук электр тармактар ишканасынын жаңы имараты үч кабаттуу, жалпы аянты 919 чарчы метрди түзөт. Объекттин жалпы өздүк наркы 55,25 млн сомду түзөт. Курулушка «Кыргызстан улуттук электр тармактар» ишканасынын өздүк каражатынан 55 миллион 250 миң сом жумшалган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты