Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча Исмаил Исаковго жооп берди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттнин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча “ПолитКлиника” медиасында сын пикирин билдирген “Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаковго Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

Анда мындай деп айтылат:      

Исмаил Исаковдун тетири ой жүгүртүүсүнө кыска жооп жазууга мажбур болуп турам.

1. Эсиңизге түйүп алыңыз, эч бир жерди анклавга айлантпайбыз. Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып, элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып коюучу документтерди кабыл алып, карап турчу биз эмеспиз.

2. 1924-27-жылдардагы жана 2021-жылдагы кабыл алынган эки документ тең 39 деген номер менен кабыл алыныптыр, муну атайылап жасаган деп жазыпсыз. Ушунча жылдан бери чоң кызматтарда жүрүп, бирок ушул жөнөкөй нерсени билбегениңиз өтө уят иш, себеби бардык документтер катар номери менен гана кетет, эч ким каалаган номерин коё албайт.

3. 2021-жылы 1-майда кабыл алынган протокол кабыл алынгандай аткарылса, эки өлкөгө тең ыңгайлуу болот жана башка бардык чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

4. Туура айтасыз, Союз тарагандагы чек арабызды бир метр кыйшайтпастан сактап калуу милдетибиз жана ошондой болот, буюрса. 1991-92-жылдары кабыл алынган, катышкан бардык өлкөлөр ратификациядан өткөргөн келишимдерди аткаруу эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына дал келет деп эсептейбиз.

5. Эч качан сиз айткан Исфара-Чоркух-Ак Сай-Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт!

Бул айтканыңыз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы, мен барда берилбейт! Бир гана Ак-Сай -Ворух жолу протоколго ылайык, эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык, жолдун статусу аныкталып, андан соң салынат, кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын.

Коңшулар бизге окшоп, мамлекеттик комиссия түзгөн протоколдорду ачык талкуулап сырын ачып салбайт, ошондуктан мен дагы 39-протоколдун сырын ачпоо керек деп эсептеймин. Мени кээ бир нерселерди айттырууга мажбур кылып жатасыздар, бүгүнкү күндө мамлекет бизге ишендиби, демек биз жоопкербиз. Мамлекеттин тагдыры, чек арасы менен айкалыштырып саясий упай топтоого жол берилбеши керек!

6. Комиссияны жоюуга эч кандай негиз жок, Исаков Исмаил кааласа комиссияга кошуп алалы, иштеп берсин, бирок далилсиз, компетентсиз сөздөрүн таратууну мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн токтотуш керек. Эгер ушунчалык эле күйүп-бышып жатсаңыз, аскер адамы катары сыр сактоону негиз кылып сурасаңыз баарына жабык иретинде жооп берүүгө даярбыз. Сиздин максатыңыз — калп нерселерди коомго жайып, эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү. Сизден кем эмес мекенчилдер, сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз жана жасаган ишибизге кыргыз элинин астында жоопкербиз.

7. Жабык эшик артында саясатчыларды, талдоочуларды чакырып, маалымат берүүгө даярмын.

Көп нерселерди ачык-айкын жаза албадым, туура түшүнүп кечиресиздер деп ойлоймун.

11.02.22. К.Ташиев.

10-февралда “ПолитКлиника”медиасынын «Сереп» берүүсүндө “Азаттык” саясий партиясынын төрагасы Исмаил Исаков «Ташиев кол койгон №39 протоколдун коркунучу бар» аттуу маегинде кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сын пикирин билдирген.  

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси, №39 протоколдун кооптуу жагы, кыргыз-тажик чек ара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү,  чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл экенин белгилеген.

Исмаил Исаковдун Камчыбек Ташиевдин жообуна карата ой-пикири бул шилтемеде

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты