Исмаил Исаков: Ташиев кол койгон №39 протоколдун коркунучу бар (ВИДЕО)
“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө кыргыз-тажик чек ара маселеси тууралуу “Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал ИСМАИЛ ИСАКОВ маек курду.
— Баарыбыздын көңүлүбүз жолго бурулуп калды. Баарыбыз жолду сөз кылабыз, бирок анын артындагы илинчекти эч ким айта элек. Кеп – жолдо эмес, себеби жол бар, бир эмес, эки жол бар. Анын артында илинчек, башка маселе турат. №39 протоколдун эң негизги катачылыгы ушунда болуп жатат.
Себеп дегенде ал жерде “ушул жолду салуу үчүн биз 1924, 1927-жылдардагы улуттук аймактарды бөлүштүрүү комиссиясынын материалдарынын негизинде карайлы, дагы 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин карайлы» деп, ошол учурдагы документтерди көрсөтүп жатышат. Биздикилер түшүнүп-түшүнбөй, ушуга макул болуп, кол койгондугу улуттун кызыкчылыгына төп келбейт.
Кыргыз-тажик чекара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү керек
Чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл.
КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО: