«Камчыбек Кыдыршаевичтин белегин эч качан унутпайм». Эльвира Сурабалдиева коркутуулар болуп жатканын айтты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш бергендерге коркутуулар болуп жатканын айтты.

«Урматтуу төрага, биз сизди шайлап жатканда депутаттардын атасы, үнү болом, коргоп турам деп убада бергенсиз. Ошондуктан шайлап бергенбиз.

Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттардын баарына коркутуу болуп жатат. Сиз унчукпай отура берсеңиз 19 депутат кейип баштайбыз. Кечээ туулган күнүм болду. Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич берген белегиңизди эч качан унутпайм. Менин бир тууганыма кылмыш ишин козгойм дегендерди дагы унутпайм. Бирок мен 2020-жылы 5-октябрда эки жылдан кийин парламентке келсем мени ушинтип коркутат деп ойлогон эмесмин. Депутаттар менен сүйлөшсөм баарынын туугандарын жумуштан алыптыр. Менин жакын туугандарым мамлекеттик кызматта жок. Мындай Бакиевдин заманында дагы болгон эмес», — дейт Сурабалдиева.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты