Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

  • 9 месяцев мурун

8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 8-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалоо) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, Жаза аткаруу кызматынын №31 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-жылы туулган Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Ал акыркы алты ай бою күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча алып турган.

Кармалган О.у.Н. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты