Камчатка жээгинде 7 баллдан ашкан жер титирөө катталды
- 2 месяца мурун
АКШнын геология кызматынын маалыматы боюнча, 19-сентябрга караган түнү Камчатканын жээгинде 7,8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Жер титирөөнүн очогу болжол менен Петропавловск-Камчатскинин чыгышынан 10 чакырым тереңдикте болгон.
Россия Илимдер академиясы жер титирөө очогунда 7,4 баллга, айрым маалыматтарда 7,2 баллга жеткени белгиленди.
Камчатск крайынын өкмөтү жер титирөөдөн жабыркагандар жок экенин билдирди.
Камчаткада цунами коркунучу 6 саат күтүлүп, кайра коркунуч өтүп кетти деп айтылды.
30-июлда Камчаткада 8,8 баллга жеткен жер титирөө катталып, ал аймактагы 70 жылдан берки ири зилзала болуп калган.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




