Камчаткада очогунда 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды
- 12 месяцев мурун
- Видео
Бүгүн, 30-июлда, Камчатка жээгинде Петропавловск-Камчатск шаарынан 149 км жерде баштапкы маалыматтар боюнча 8,7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул 1952-жылдан берки эң катуу жер титирөө экенин сейсмологдор билдирди. Шаар ичинде жер титирөө 6-8 баллга жеткен.
Ал эми жапон жана америкалык сейсмологдордун маалыматы боюнча, 8,0 балл болгон, кийинчерээк АКШнын геология кызматы жер титирөө очогунда 8,8 баллга жеткенин билдиргенин Associated Press жазды.
Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов жер титирөөнүн күчү 8,8 баллга жеткенин билдирди.
Камчаткадагы жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу бар экени жарыяланды. Цунами Камчатка жээгин. Сахалин облусунун Северо-Курилск жээгинде сезилди.
Жер титирөөдөн бир азыраак адамдар жабыркаган маалыматтар бар.
Сүрөт: Интернет булактарынан




