«Камбар-Ата ГЭС-1» долбоору үчүн 13,6 млн$ кошумча каржылоо мыйзам долбоору ЖК комитетинде каралды
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 16-декабрда, Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «2024-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-1″ долбоору үчүн техникалык жардам үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана макулдашуу-катты (Гранттык макулдашууну) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.
Мыйзам долбоору тууралуу энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, кошумча каражаттардын жалпы суммасы 13,6 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 11 млн — ЭӨА кредити жана 2,6 млн АКШ доллары гранттык каражаттар. Берүү мөөнөтү-50 жыл. Жеңилдетилген мезгил-макулдашууга кол коюлган күндөн тартып — 10 жыл.
Мурда айтылгандай, «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун алдын ала баасы 4 миллиард доллардан ашат. Мурдагы премьер-министр Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1ди андан ары куруу үчүн Министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 миллион доллар бөлөөрүн билдирген.
“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөрү айтылган. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.
ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.
Сүрөт: Интернет булактарынан