Камала Харрис: Тандалган президент Трампты жеңиши менен куттуктадым
- 1 месяц мурун
Шайлоодон жеңилгенден кийин Камала Харрис Вашинтгтондогу Говард универститетинин студенттеринин жана өз тарапташтарынын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал сөзүндө жеңилүүнү моюнга алып, Дональд Трампты куттуктаганын айтты.
Камала Харрис тарапташтарына ага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип: «Бул шайлоонун жыйынтыгы биз каалагандай, биз күрөшкөндөй, биз добуш бергендей болгон жок. Бирок менин айтканымды уккула: биз багынбай турган убакта, биз күрөшкөн сайын америкалык үмүттүн жарыгы ар дайым жаркырайт. Мен силердин эмне сезип жатканыңарды, азыр башыңардан өткөрүп жаткан бардык эмоцияларды билем. Мен силерди түшүнөм. Бирок биз бул шайлоонун жыйынтыгын кабыл алышыбыз керек», -деген.
Ошондой эле Харрис Дональд Трамп менен сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктаганын жана ага өткөөл мезгилде өзүнүн командасы менен жардам берүүнү убадалаганын билдирген.
«Биз бийликти тынч өткөрүп берүүнү камсыз кылабыз. Мен көп адамдарга караңгы заман келе жаткандай сезилип жатканын билем. Бирок өзүбүздүн жыргалчылыгыбыз үчүн андай эмес деп үмүттөнөм»,-деген ал өз сөзүндө.
Эске салсак, 5-ноябрда Америка Кошмо Штаттарында президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоого демократиялык партиядан АКШнын вице-президенти Камала Харрис жана республикачылар партиясынан АКШнын экс-президенти Дональд Трамп ат салышкан.
Сүрөт: интернет булактары