Камактагы депутат Жетигеновдун тарапташтары митингге чыкты

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жаткан депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына каршылык митингине чыгышты.   

Алар Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын Бакыт Жетигенов боюнча чыгарган корутундусун кароону талап кылууда.

15-декабрдагы парламент жыйынына Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камакка алган депутат Бакыт Жетигенов боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу чыгарылмак. Бирок Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент жыйыны 22-декабрга жылдырылганын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Бакыт Жетигеновду камакка алуу чечимин чыгарган.

8-декабрда парламент жыйынында атайын комиссия Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду  абактан  бошотууну сунуштаган. Депутаттар комиссия чечимин колдоого алды.   Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун жактоочулары толук маалымат бербегендигине байланыштуу, аталган эл өкүлүнө байланышкан Башкы прокурор Зулушевдин сунушу каралбай калган. Ага ылайык комиссиянын иши дагы улантылат

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты