Камактагы активист Шаменов ооруканада дарыланууга муктаж экенин билдирди

  • 1 год мурун

Камактагы активист Илгиз Шаменов ооруканада дарыланууга муктаж экенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу, ЮРФА клиникасынан кароодон өтүп, жүрөгүм менен бөйрөгүм дарылоого муктаж экени аныкталды. №1 тергөө абагынын жана Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери ооруп жатканымды көрүп билип туруп, дарыланууга чыгарбай, убакытты созуп, шалаакы мамиле жасап жатышат. Бул кыйноо фактысы деп эсептейм», — деп жазды ал.

Былтыр 23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалып, андан соң Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Былтыр 27-октябрда Москвада экс-депутат Орозайым Нарматова кармалганы кабарланган. Кийин анын жакындары Нарматованы 26-октябрдын түнү үйүнөн полиция кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Орозайым Нарматова Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин («Массалык башаламандык уюштурууга даярдык») негизинде козголгон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

Былтыр 28-октябрда Орозайым Нарматова жана Москвада кармалган дагы бир активист Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты