Кальян тамекисин мыйзамсыз сатуу боюнча бажы кызматкери жана сот аткаруучу кызмат башчысы кармалды

  • 9 месяцев мурун

31-октябрда “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик мекемесинин түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБ (сот аткаруучулар кызматы бөлүмү) башчысы М.К. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта мындай фактылар келтирилет:

-2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан аткезчилик жол менен алынып келинген 24 738 кг “Serbetli” аталышындагы, болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланган.  Кийин ал жүк Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик мекемесинин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн.

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада же  8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

31-октябрда “Бажы инфраструктурасы” мамлекеттик мекемесинин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты