Калктын аялуу катмарынын айрымдарына жөлөкпул көбөйтүлөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Калктын аялуу катмарларынын айрым категорияларына мамлекеттик колдоону күчөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Министрлер кабинети калктын аялуу катмарларын, анын ичинде багууга жана көзөмөлгө  муктаж болгон, бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды (18 жаштан жогору) баккан жарандарга  2022-жылдын 1-июнунан тартып:– 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду – 810 сомдон 1200 сомго чейин көбөйтөт;
– жалпы оорудан I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 5500 сомго чейин;
– жалпы оорудан II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– жалпы оорудан III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин;
– ата-энесинин биринен айрылган балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2000 сомдон 3000 сомго чейин;
– баатыр энелерге ар айлык социалдык жөлөкпулду – 2500 сомдон 3000 сомго чейин;
– улгайган жарандарга ар айлык социалдык жөлөкпулду – 1500 сомдон 2000 сомго чейин мамлекеттик төлөмдөрдү көбөйтүү тапшырылды.
— Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж I топтогу бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (18 жаштан жогору) жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү киргизүү тапшырылды.
 2002-жылдын 17-18-мартында, 2010-жылдын апрель-июнь айларында жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн жогорулатуу боюнча чараларды көрүү каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты