Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери ортомчулар аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштурууга шектелүүдө

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери тарабынан ортомчулук кызмат көрсөткөн жарандар менен алдын ала сүйлөшүп уюштурулган мыйзамсыз схема токтотулду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи май райондук калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. ортомчулар Д.Э.М. жана Д.К.Э. менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу схемасын уюштурганы аныкталган.

Белгиленген схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунушташкан жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен. Ошондой эле, көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан. Андан кийин ал акча мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Ортомчулар Калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э.Ж. менен түзүлгөн кылмыштуу байланыштарын колдонуп, документтерди тапшыруу убактысын алдын ала макулдашып алышкан, бул документтерди кезек күтпөстөн кабыл алууга жана артыкчылыктуу негизде иштетүүгө мүмкүндүк берген.

Аталган Ж.Э.Ж, Д.Э.М. жана Д.К.Э кармалып, тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты