Калкты каттоо департаментинин Ноокен райондук бөлүм кызматкерлери акча опузалоого шектелип кармалды    

Чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын  системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага  бөгөт коюлду.

Бул тууралуу Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Ноокен райондук Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан мыйзамсыз баюу жана акча алуу максатында  тез арада каттоого алуу жана тиешелүү документтерди берүүдө жасалма тоскоолдуктар түзүлгөндүгү аныкталды.

21-февралда  мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен райондук калкты каттоо департаментинин А.М.Ж. жана Х.З.Ш. аттуу аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалып, УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Калкты каттоо департаментинин Ноокен райондук бөлүм кызматкерлери акча опузалоого шектелип кармалды    
Калкты каттоо департаментинин Ноокен райондук бөлүм кызматкерлери акча опузалоого шектелип кармалды    

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты