Калининград облусунда КР жараны камакка алынганы тууралуу маалымат боюнча ТИМ тиешелүү иш жүргүзүп жатканын билдирди
- 1 год мурун
Россиянын Калининград облусунда 22 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны камакка алынгандыгы жана анын террордук уюмдун ишине катышууга чакырык жасаган деп шектелип жатканы боюнча ЖМКларда тараган маалыматтарга байланыштуу тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
“Жарандын кармалуу жагдайларын тактоо жана мүмкүн болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугуна тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Ошондой эле министрлик бул маселени көзөмөлгө алып, толук маалымат келип түшкөндө кошумча кабарлайт” деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




