Кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин фонддоруна 22 915 975 сом түштү
- 1 year мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо жөнүндө маалымат берди.
Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.
Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.
Кайра шайлоого 51 талапкер – № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 25 талапкер катышууда.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык 2022-жылдын 13-февралына карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 22 915 975 сом акча каражаттары түшкөн.
Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 16 942 968 сом сарпталган.
№ | Аталышы | Түштү | Сарпталды |
1 | № 27 Биринчи май шайлоо округу | 9 723 720.00 | 67 12 928.00 |
2 | № 29 Свердлов шайлоо округу | 13 192 255.00 | 10 230 040.20 |
Бардыгы: | 22 915 975.00 | 16 942 968.20 |
№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.
Кайра шайлоого 51 талапкер катышууда.