Кайра шайлоо: Шайлоочулардын 11,76 пайызы добуш берди

  • 2 года мурун

№ 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча саат 14:00гө карата добуш берүүгө 25 823 шайлоочу келди же шайлоочулардын жалпы санынын 11,76%ы добуш берди.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматтык кызматы билдирди.

— № 27 Биринчи май шайлоо округу – 9 469 шайлоочу же 8,39%;

— № 29 Свердлов шайлоо округу – 16 354 шайлоочу же 15,35 %.

Бүгүн, 27-февралда, Бишкек шаарынын №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо  өтүп жатат.

Жогоруда аталган эки шайлоо округунда баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Кайра шайлоого 53 талапкер каттоодон өттү. № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 27 талапкер, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 26 талапкер катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты