Кайра шайлоо: Ниязалиеванын утушу

  • 11 месяцев мурун

БШК Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округундагы добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыгын жарыялады. Дамира Ниязалиева 6 миңден ашык добуш менен алдыга чыкты. Дагы бир талапкер Эртай Искаков аны добуш сатып алууга айыптап жатат.

Дамира Ниязалиева өз дарегине айтылган айыптоолорго 28-майда билдирүү таратып, жооп берди.

«Видеодогу жарандардын менин шайлоо штабыма эч кандай тиешеси жок. Бул өз күчүнө ишенбеген оппоненттердин ыплас провокациясы. Буга байланыштуу укук коргоо органдарына кайрылып, аталган талапкердин аракетине баа берип, мыйзамда каралган чараларды көрөбүз. Видеодогу аялдар милицияга жеткирилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Бул ишке укук коргоо органдары чекит коет. Биздин алдын ала маалымат боюнча алардан өздөрүнүн акчасы гана табылган» деп билдирген Ниязалиева.

БШКнын маалымдашынча, 28-майдагы добуш берүүгө бул округдагы шайлоочулардын 125 миңдей шайлоочунун 13,95% гана катышты. 29 талапкердин ичинен алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага шайлоого келген 17 423 адамдын 35%, же болбосо 6 242си добуш берген.

Азыркы эсеп боюнча 1 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.

ИИМ териштирүү жүрүп жатканын маалымдап, бирок эч бир талапкердин ысымын атабады.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, мекемеге эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталган эмес. Ал эми үч арыз боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп атат.

28-майда саат 08.00дөн баштап, 20:00 гө чейин Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда  шайлоо өттү 

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоого 29 талапкер катышты.

АСУ маалыматынын болжолдуу жыйынтыгы мындай болду:


– Дамира Ниязалиева — 6242 (35,83%)

– Улан Сариев — 2070 (11,88%)

– Эртай Искаков — 1317 (7,56%)

– Акыл Айтбаев — 988 (5,67%)

– Аттокур уулу Илимбек — 898 (5,15%)

– Өмүрбек Суваналиев — 866 (4,97%)

– Муктарбек Айткулов — 748 (4,29%)

– Данияр Тербишалиев — 475 (2,73%)

– Равшан Жээнбеков — 405 (2,32%)

– Руслан Бекназаров — 404 (2,32%)

– Турсунбай Бакир уулу — 379 (2,18%)

– Баарына каршы — 376 (2,16%)

– Салтанат Сагидаева — 326 (1,87%)

– Айбек Субанов — 286 (1,64%)

– Темир Эмилов — 211 (1,21%)

– Ажыбек Касмалиев — 209 (1,2%)

– Максат Кунакунов — 204 (1,17%)

– Андрей Скорняков — 170 (0,98%)

– Таалайкул Айдаралиева — 151 добуш (0,87%)

– Эльдар Мадылбеков — 121 (0,69%)

– Мирлан Камбаров — 90 (0,52%)

– Аким Маликов — 68 (0,39%)

– Бактыбек Рысалиев — 60 (0,34%)

– Акин Токталиев — 57 (0,33%)

– Сарылдык уулу Илгиз — 44 (0,25%)

– Эркин Булекбаев — 39 (0,22%)

– Карачач Исмаилова — 34 (0,2%)

– Кубанычбек Макешов — 28 (0,16%)

– Бакыт Керимбеков — 24 (0,14%)

– Гүлшат Тазабекова — 17 (0,1%).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты