Кайгуул кызматкери пара алып жатканда кармалды

  • 2 года мурун

6-июнда ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматына А. У. аттуу жаран жол кырсыгы фактысы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери 20 миң сом талап кылып жаткандыгы боюнча кайрылган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факт кылмыш-жаза кодексинин 343-бөлүмүндө (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
10-июнда тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүүдө Бишкек шаардык ИББдин милициянын кайгуул кызматынын имаратында кызматтык кабинетте талап кылынган сумманы алуу учурунда милициянын кайгуул кызматынын кенже инспектору Ч. У. кармалган.  Андан 15 000 сом пара далил катары табылып  алынган.

Тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин кармалган кызматкер шаардык ИИБдин  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөттөр: ИИМдин басма сөз кызматы.
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты