“Кадастрдын” Чүй-Токмок филиалында кызматынан кыянат пайдалануу фактысы аныкталды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Алар жоопкерчилиги чектелген коомдордун (ЖЧК) бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Н.М.И. аттуу жаранга мыйзамсыз каттаган.

Бул факты боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.  Шектүүлөр УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты