«Кадастр» мамлекеттик агенттигинин Кара-Суудагы директору кармалды
- 2 месяца мурун
Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын директору Ж.Р.Б. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бүгүн, 6- декабрда билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган директор Ош облусунун Кара-Суу районунун Датка (мурда Шарк) айыл аймагынын Ачы массивинде мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
«Аталган Ж.Р.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак-жай куруу үчүн «Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө» мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.
УКМКнын маалыматы боюнча негизинен аталган жерлер социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган.
Мындан тышкары козголгон кылмыш иштеринин алкагында аталган агенттиктин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.
Учурда тергөө иштер жүрүп жаткандыгы айтылды.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы