“Кадастр” ишканасынын мурдагы кызматкери коррупцияга шектелүүдө
- 10 месяцев мурун
- Видео
27-августта Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектар болгон жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз таануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастр» ишканасынын мурдагы бөлүм башчысы Т.А.К. кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө маалыматына ылайык, Т.А.К. «Демал» айыл чарба кооперативин түзүүнүн демилгечилеринин бири болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоону уюштурууга активдүү катышкан.
Т.А.К. бул аракеттерди кызыкдар кызмат адамдарынын колдоосу менен, кызмат абалынан кыянат пайдаланып жана атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу аркылуу ишке ашырган.
27-августта Т.А.К. убактылуу кармоо жайына киргизилип, анын катышуусунда зарыл болгон тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы




