«Кадастр» ишканасынын каттоо кызматкерлери кармалды
- 11 месяцев мурун
«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары «М.Ф.М.» жана «К.В.В.» кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруп, кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча туруктуу негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК тарабынан Министрлер кабинетине караштуу «Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин» Бишкек шаардык филиалында («Кадастр» ) туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
«Кадастр» мамлекеттик иш канасынын каттоо бөлүмүнүн мамлекеттик каттоочулары «М.Ф.М.» жана «К.В.В.» кызмат абалынан кыянат пайдаланып, кыймылсыз мүлктү каттоодо жана кайра каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруп, кардарларды белгиленген электрондук кезектен тышкары тейлөө боюнча туруктуу негизде иш алып барышкан. Көрсөтүлгөн кызматы үчүн 2000 сомдон 10000 сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктарды алышкан.
Топтолгон маалыматтардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2025-жылдын 3-сентябрында аталган мамлекеттик каттоочулар кармалып, кымыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК тарабынан бул иш боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




