Кадамжай районунун Халмион базарында өрт чыкты  

  • 4 недели мурун

Баткен облусунун Кадамжай районунун Искак Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында жайгашкан Баяман баатыр базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу бүгүн, 1-апрель түнү, саат 02:29да өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Атайын өрт өчүрүүчү автоунаа менен 1 күжүрмөн эсеп саат 02:32де, андан кийин саат 02:59да жана үчүнчү күжүрмөн эсеп саат 03:16да чыгып, саат 04:07де чектөөгө алынган. Өрт саат 07:01 өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты алдын ала маалымат боюнча 2380 чарчы метр аянтты камтыган.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталып жаткандыгы жана жабыр тарткандар жок экендиги маалымдалды.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.  

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты