Кадамжай электр тармактарынын башкы инженери пара менен кармалды

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Ш.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда үч фазалуу системанын энергиясын орнотуу үчүн 30 миң сом акча каражатын опузалап жаткан Кадамжай районунун электр тармагынын кызмат адамына чара көрүүнү суранган. 

Бул факт боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган. 

21-февралда тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, электрондук эсепке 30 миң сом которулгандыгы жана аны Кадамжай районунун райондук электр тармактарынын (РЭТтин) актылары боюнча 1981-жылы туулган Х.М. аттуу башкы инженер алгандыгы аныкталган.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жазык-процессуалдык кодексинин  96-беренесинин негизинде Х.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда. 

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты