Каада-салт, салтанат өткөрүү: Мыйзам долбоорундагы сунуштар
- 2 недели мурун
- Баяндар
Өлкөдө каада-салт, үрп-адат, салтанат өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө мыйзам долбоору 27-январдан тартып коомдук талкууга коюлду.
Мыйзамдын демилгечилери депутаттар Замирбек Мамасадыков менен Шайырбек Ташиев болуп саналат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына www.kenesh.kg жайгаштырылды.
“Акыркы жылдары той-аштарды өткөрүүдө жана маркумду узатууда элибиздин эзелтеден келе жаткан каада-салт, үрп-адаттарына коошпогон, үй-бүлөлөрдүн каржысына олуттуу зыян алып келе турган көрүнүштөр көбөйүүдө. Илгертеден ата-бабаларыбыз той-ашка элди бата алуу максатында чакырып келген болсо, бүгүнкү күндө ал нагыз баалуулуктар четке чыгып, «ким канча алып келет», «мен тоюна көп алып бардым эле, мага да ошончо алып келеби», «чогулган акчам, тойдун чыгымдарын жабаар болду бекен» деген сыяктуу куру-намыс, атаандаштыктын нугуна түшүп бараткандай. Насыяга каражат алып, той-аш өткөрүп жатышканын да угуп жүрөбүз. Мындай терс көрүнүштөрдүн артынан канчалаган үй-бүлөлөр ажырашып жатканы боюнча маалыматтарды четтен тапса болот” деп айтылат мыйзам долбоорунын негиздемесинде.
Мыйзам долбоору менен “Кыргыз Республикасында каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө ысырапкорчулукка чек коюу жөнүндө” жаңы мыйзамын кабыл алуу жана Укук бузуулар жөнүндө кодексине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунда мындай сунуштар келтирилген:
-Маркумду узатууда ага катышуучулардын саны чектелбестен жана майда жандык, жылкы, бодо мал союлбастан өткөрүлөт;
-Маркумду узатуудан кийин үч күн өткөн соң маркумду эскерүү иш-чарасы (“Куран окутуу”) бирден көп эмес жылкы же бодо мал союу менен өткөрүлүүсү мүмкүн;
-Маркум дүйнө салгандан кийинки “үчилик”, “жетилик”, “кыркы”, “жылдык” сыяктуу ж.б. өткөрүүгө тыюу салынат.
-Жогоруда аталган каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүүдө“кийит кийгизүү”, “себет берүү”, “конок берүү”, “түштөнтүү” сыяктуу кошумча ысырапкорчулукту алып келген үрп-адаттарга тыюу салынат.
“Үйлөнүү той” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы союу менен 250дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;
— “Кыз узатуу” салтанаты бир бодо мал же бир жылкы сою менен 100дөн ашпаган адамдардын катышуусунда өткөрүлөт;
— Эгерде “Үйлөнүү той” салтанаты жана “Кыз узатуу” салтанаты бирге өткөрүлсө бир бодо мал же бир жылкы союу менен 350дөн ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүүгө жол берилет;
— Жаш жубайлардын үйлөнүүгө байланышкан салтанаты үчтөн ашпаган автоунааны пайдалануу менен жүргүзүлөт.
“Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды узатуу жана тосуп алуу ырасымдары үй-бүлөлүк чөйрөдө өткөрүлүүсү мүмкүн;
“Ажы”, “Умра” зыяратына баргандарды “узатуу”, “тосуп алуу” сыяктуу ысырапкорчулукка алып келген ырым-жырымдарга тыюу салынат.
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана үрп-адаттарды өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгу мыйзамдын эрежелерин бузуусу- жеке жакка (той ээсине) эсептик көрсөткүчтүн 3000 эсе өлчөмүндө, юридикалык жактарга, (коомдук тамак аш жайларына) эсептик көрсөткүчтүн 1000 эсе өлчөмүндө айып салынат.
Маркумду узатуу жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүү убагында, аларды уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу жактардын ысырапкорчулук чөйрөсүндөгу мыйзамдын эрежелерин бузуусу, ыйгарым укуктуу орган тарабынан, эсептик көрсөткүчтүн 2000 эсе өлчөмүндө айып салынат.”
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан