Күзгү көргөзмө-сынак ачылды

  • 3 года мурун

Бүгүн, 3- ноябрда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө-сынагы ачылды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Көргөзмө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун жана Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиевдин, сүрөт искусство ишмерлеринин жана кеңири коомчулуктун катышуусунда өттү.

Кыргызстандын сүрөтчүлөрү ар кандай багытта жана көп кырдуу таланттар менен белгилүү. Бул өзгөчөлүктү Жылкычы Жакыпов, Эркин Салиев, Таалай Курманов, Петр Куринских, Сталбек Токтоев, Маратбек Шарафидинов, Константин Шкурпела, Лысогоров Евгений, Ханафеев Ринат, Эсенканов Залкар сындуу сүрөтчүлөр өз чыгармачылыгында көрсөтүп келет.

Көргөзмө — сынак 14-ноябрга чейин уланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты