Көрүнүктүү опера ырчысы Сталбек Алмасбеков дүйнө салды  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-апрелде,  Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү опера ырчысы  Сталбек Алмасбеков дүйнө салды.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, Сталбек Алмасбековдун ысымы республикадагы опера искусствосунун көп сандаган күйөрмандарына жакшы белгилүү. Ал жылдыздуулугу, өзгөчө үнү менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Чаек орто мектебин аяктап, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күренкеев атындагы музыкалык -хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Аталган окууну аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист болуп иштеп келген.

Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты