Кыргыз эл акыны Нурпаис Жаркынбаев 86 жашында дүйнөдөн өттү
- 2 месяца мурун
Кыргыз Республикасынын эл акыны, котормочу, драматург Нурпаис Жаркынбаев 86 жаш курагында дүйнө салды.
Бул тууралуу «Жумгал таланттары» адабий чыгармачылык бирикмеси билдирди.
Нурпаис Жаркынбаев (Нурпаис Жаркынбай) 1939-жылы 15-январда Жумгал районунун Кара-Чий кыштагында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырып, окуу жайды аяктаары менен «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орунбасары болуп көп жыл эмгектенген. 1973–1975-жылдары Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика факультетин аяктап, 1975–1986-жылдары «Кыргызстан коммунисти» журналынын бөлүм редактору, 1995-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактордук кызмат өтөгөн.
Нурпаис Жаркынбаев 1966-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 1982-жылдан Журналисттер союзунун мүчөсү. Көп жыл бою Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп келген.
Ал “Жаштык жазы”, “Өмүрлөр тоодон башталат”, “Чабалекей”, “Жүрөк тартуулары”, “Түндө кимдер уктабайт”, “Бешик ыргагы”, “Таңкы торгой”, “Кыргыз көчү” аттуу китептердин автору.
Анын ырлары казак, молдован, украин, өзбек, уйгур ж.б. тилдерге которулган. Өзү Олжас Сулейманов, Евгений Евтушенко, Эдуардас Межелайтис, Фет, Тютчев, Маяковский, Пушкиндин ырларын которгон.
Нурпаис Жаркынбаев менен коштошуу эртең, 25-февралда, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөрү маалым болду.
Сүрөттө: Нурпаис Жаркынбаев. Интернет булактарынан