Күрөөкана тармагынын ээси кылмышка шектелип кармалды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси С.М.А. кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, С.М.А. жеке кызыкчылыктарын көздөп, каржылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандардын эсебинен мыйзамсыз киреше табуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз негизде күрөөкана иштетүү жана сүткордук иштерин жүргүзгөн.

Каражаттардын өтө жогорку пайыздык чендер менен ачыктан-ачык оор шарттарда берилүүсү, жабырлануучуларды көз каранды абалга алып келген жана аларды өзүнө алган милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан.

Мындан тышкары, С.М.А. түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, андан көз каранды болуп калган кардарлардын мүлктөрүн, анын ичинде турак жай, жер тилкелерин жана коммерциялык мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча аракеттерди уюштуруп, өзүнө тиешелүү болгон нотариустарды жана башка жакын адамдарын тартуу менен жалган же ойдон чыгарылган жасалма жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүү аркылуу менчик укугун өткөрүп берүү иштерин жүргүзгөн.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында С.М.А.нын ишенимдүү адамдарынын чөйрөсү аныкталып, алардын аттарына кылмыш жолу менен алынган мүлктөрү катталгандыгы белгилүү болду.

Мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашыруу үчүн С.М.А. укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардагы мүмкүн болгон байланыштарын колдонуу аркылуу, андан жапа чеккен жарандардын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн органдарга кайрылууларына тоскоолдук жараткан.

КР жараны С.М.А. кармалып, 14-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан ага карата УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты