Көпчүлүк жарандар чет элдик номерлүү унааны мыйзамдаштыруу мөөнөтүн узартууну суранууда
- 4 месяца мурун
18-сентябрда Жогорку Кеңештин «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери Марлен Маматалиев Кыргызстандагы чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу боюнча комиссиянын мүчөлөрү менен жолугушуп, учурдагы жагдай тууралуу маалымат алды. Көпчүлүк жарандар чет элдик номерлүү унааларын мыйзамдаштырууга жетишпей, берилген мөөнөттү узартууну сунуштоодо.
Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Ушул тапта жалпысынан 13 миңден ашуун чет элдик номерлүү автоунаа мыйзамдаштырылган.
ИИМдин өкүлү Нурдин Самбаев билдиргендей, 168-токтом боюнча 1-октябрдан тартып, мыйзамдаштырылбай калган автоунаалар өлкөдөн чыгарылышы кажет же тетиктерге бөлүп сатылып, утилдештирүү зарыл.
Көпчүлүк жарандар унаасын мыйзамдаштырууга жетишпей жатканын жана 1-октябрда бүтө турган мөөнөттү узартууну, Россиядан арзан баада алынган унааларды каттоо төлөмүн азайтып берүүнү өтүнүүдө.
Адистер ырастагандай оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруунун төлөмү 50 миң сомду түзөт. «Ал эми сол рулдуу унааларды катталган өлкөгө, маселен, Орусияга кайра айдап барып, ал жактан каттоодон чыгарып, кайра Кыргызстанга алып келип каттоого койсо болот. Мында 13 миң сомдун тегерегинде төлөм жүргүзүлөт» деп билдирди экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Руслан Тыналиев.
Депутат Марлен Маматалиев кайрылган жарандардын маселесин чечүү, тагыраагы, легалдаштыруу мөөнөтүн жылдыруу сунуштарын берээрин айтты. Аны менен катар Россия Думасынын депутаттарына да маселени жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү боюнча кайрылып жатканын билдирди.
Сүрөт: Жыйын учурунда. kenesh.kg




