Көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазаланууда
- 3 месяца мурун
Транспорт жана коммуникация министрлиги аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын кабарлады.
Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Бүгүн, 8-декабрь саат 09:30га карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жол ачык.
Ал эми Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Долон ашуусунда (саат 9:00дон тартып) жана Бишкек-Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда (7-декабрь саат 21:00дон тартып) оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Министрлик жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырды.
Сүрөт: Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы




