14-июлда: Айрым жерлерде 40 градуска чейин ысышы күтүлүүдө
- 4 недели мурун
Кыргызстанда жакынкы күндөрү абанын температурасы 43 градуска чейин ысышы күтүлүүдө. Аптаптуу ысык 14-июлдан 18-июлга чейин созулат. Бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин ысыйт. Ал эми 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде аптап 41…43 градуска чейин жетиши күтүлүүдө.
Бүгүн, 14-июлда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28;
Нарын облусунда түнкүсүн +11…+17, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




