Көмүскө кумар оюнун уюштургандар кармалды

  • 2 года мурун

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан көмүскө кумар оюндарын уюштургандар аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын тобу компьютердик оюн клубдарына жамынып, бош убактысын өткөрүү үчүн мыйзамсыз кумар оюндарын уюштурушкан. Көрсөтүлгөн мекемеге күн сайын 70-80ге чейин киши келип тургандыгы аныкталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, уюштуруучу К.А.К. жана администраторлор Т.к А. жана У.А.А,жана ошондой эле аталган мекемеге кумар оюндарын өткөрүүгө келген 30 киши кармалды.

Кармалгандарын иш-аракети кылмыш-жаза кодексинин 219-беренесинин 1-бөлүгү (Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу) боюнча кылмыш жана жоруктардын реестрине катталган.

Тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты