Көмүрдүн орточо баасы бир айдын ичинде 10,4% кымбаттады

  • 2 года мурун

Көмүрдүн орточо баасы бир айдын ичинде 10,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 720 сом болуп жатат.

Эң кымбат көмүр Ноокат районунда — 9 874 сом, Баткенде — 9 718 сом, Исфана шаарында бир тонна көмүр 8746 сом болууда.

Жумгал районунун Чаек айылында бир тонна көмүр 3000 сом, Балыкчы шаарында 4 миң, Нарын жана Кара-Балта шаарларында 4,5 миң сомдон сатылууда.

Эске сала кетсек, 4-октябрга карата бир тонна көмүрдүн орточо баасы 5 181 сом деп эсептелген. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 18,8%га кымбат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты