Көмүрдүн баасынын жогорулашына эмне себеп болууда? Тиешелүү мекеменин жообу

  • 3 года мурун

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында көмүргө болгон баанын жогорулашынын себептерин атады.

Анын айтымында, көмүрдүн баасы казуу иштеринин кечеңдеши, көлөмдүн аздыгы жана суроо-талаптын күчөшүнөн улам өсүүдө.

“Бардык аймактарга көмүрдүн баасын бекитип бергенбиз. Эң жогорку баа Баткен облусунда — бир тоннасына 8 миң 500 сом, эң төмөнкү баа Нарын облусунун Жумгал районунда — 2 миң 500 сом деп белгиленген. Ал эми Бишкекте бир килограмм көмүр 5 сом 80 тыйын, базаларда казакстандык көмүр 4 миң 500 сомдон (1 тоннасы) бекиген. Бүгүнкү күнгө карата бир топ эреже бузуулар болду. Биздин агенттик 526 субъектти карап чыктык. Анын ичинен 329 учурунда мыйзам бузуу катталып, 68 учурунда бааны өздөрү коюп, өзгөртпөй турганын билдирген. Аларга айып салынды”, — деп билдирди Тайлаков.

Мындан тышкары ал Монополияга каршы агенттиктин талаптарын аткарбаган жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып каралганын белгилеп өттү.

“Эгерде бааларды өздөрү каалагандай коюп алса, анда жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Учурда айыптын көлөмүн көбөйтүү каралууда”.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Фейсбук» баракчасы аркылуу электр энергиясы жана көмүр маселеси боюнча түшүндүрмө берип, жайы менен “Кыргызкөмүр” ишканасында саботаж кылышып, көмүр казуу кеч башталганын белгилеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты