Көмүр сатууда жана экспорттоодо коррупциялык схема аныкталды

  • 8 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери 11-сентябрда жүргүзүлдү.

 Ишкердиктин субъекттеринин жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынган.

Белгилей кетчү нерсе, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 АКШ долларын төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды.

Ошону менен бирге мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттонун негизинде Кыргыз Республикасында көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга булар киргизилди:

— Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.,  “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.,  Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.,

“Имамидинов Экспорт” ЖЧК жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И., — “А.Б.Б.” жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тиешелүү тергөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты