“Көмүр мафиясынын“ мүчөлөрү кармалды

Коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн 18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) энергетика министринин орун басары М.Ж.ны, ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С.ны кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүр уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан 15 960,81 тонна, кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБдин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 18-июнда УКМК энергетика министринин орун басары М.Ж.ны., ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору А.С. ны. кармады.

КР УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты