Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды
- 1 год мурун
Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди.
Ал «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт:
«Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун негизинде 720 батир да мамлекеттик менчикке катталды».
Машиев бул батирлер боюнча арыз менен ким кайрылганын тактап айткан жок.
4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) атайын операциясында «кримчөйрөнүн анабашы» аталган Камчыбек Асанбек (Качы Көлбаев) өлтүрүлгөн.
9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.
Сүрөт% Видеодон.