Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү акча опузалап кармалды  

Акча опузалоо фактысы боюнча Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.  

Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунуна зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуп, 2500 АКШ долларын талап кылышкан.

26-сентябрда 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты