Көл-Төрдө чет элдик турист көз жумду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-декабрда,  саат 13:22 чамасында Чүй району Кегети капчыгайында жайгашкан бийик тоолуу Көл-Төр көлүнө туристтер арасынан 1951-жылы туулган  Л.Ж. аттуу киши (Түштүк Кореянын жараны) белгисиз себептер менен эс-учун жоготуп койгондугу тууралуу маалымат  «112» кызматына түшкөн.

Ал жакка Токмок шаарынан куткаруучулар барган.  Турист каза болуп калган. Куткаруучулар анын сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты