Көк-Жаңгак шаарынын тургуну алдамчылыкка шектелүүдө

  • 4 недели мурун

Жалал-Абад шаарында ипотекалык турак жай берүүгө байланыштуу алдамчылыкка шектелип, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын тургуну Б.А.Э. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

«Кармалган жаран өзүн УКМК  төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамы катары көрсөтүп, Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан үйлөрдөн батирлерди алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программасынын катышуучуларынын тизмесине алдыңкы кезекке киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун убада кылып, алдоо жолу менен жарандардын акча каражаттарын алгандыгы аныкталган. Учурда  аталган Б.А.Э.нин ушул сыяктуу фактыларга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат» деп айтылат маалыматта.

Сүрөттө: Шектүү. УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты