Көк-Мойнокто жол жээгинде кайрадан өрт чыкты

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 9-майда, Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бишкек– Нарын – Торугарт жолунун 157-чакырымындагы өрт саат 18:22де толугу менен өчүрүлгөн.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Токой чарба кызматынын кызматкерлери түнкү нөөмөткө калышкан. Буга карабай аталган жолдун Көк-Мойнок-2 айылында куураган чөптөн өрт чыккан.

Ушул эле жолдун 157-чакырымында бүгүн, 9-майда, эртең менен да өрт чыгып, ал өчүрүлгөн.

Ошондой эле 7-майда да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыккан.

26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөп өрттөнгөн.  

Бир ай мурда Балыкчы – Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында, Боом капчыгайында өрт чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты