Көк-Мойноктогу жол жээгиндеги өрт өчүрүлдү

  • 1 год мурун

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен кечээ, 7-майда башталган өрт 8-майда түнүчүндө, саат  00:30да чектөөгө алынып, түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан. Ал эми буга чейин иштеп жаткандар туруктуу орундарына кайтышкан.

Бүгүн, 8-майда, таң эрте өрттү толук өчүрүү иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча күчтөр тартылган.

Кечээ, 7-майда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыккан.

26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөп өрттөнгөн.  

Бир ай мурда Балыкчы – Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында, Боом капчыгайында өрт чыккан.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты