Күйөөсү бензин чачып өрттөп, жаш келиндин денесинин 60%ы күйүп калган

  • 1 месяц мурун

Күйөөсү мас болуп, чыр чыгарып, ур-токмокко алганда гана жаш келин андан мурдагы үрөй учурган окуяны ачыктаган: Күйөөсү ага бензин чачып, ширеңке чагып жиберип, денесинин 60%ы күйүп калган.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, аянычтуу окуя Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында 2025-жылдын 15-октябрында болгон. 28 жаштагы Т.к. М. нын эки кызы бар. Алты жыл мурда Таласка күйөөгө чыккан.

Апасы Н.К.нын маалыматына караганда, ал күнү күйөө баласы мас болуп, чыр чыгарып, кызын ур-токмокко алган.

“Кызыма бензин чачып жиберет. Ширеңке издеп кеткенде, ыйлап жүргөн эки кызын жашырып, кызым качууга жетишпей калат. Бензин чачкан жерге ширеңке чакканда, кызымдын денеси дүрт этип күйүптүр. Кызым короого чуркап чыгып, крандын суусу менен жалынды өчүрүүгө аракет кылат. Кызымдын жардам сурап кыйкырганын жолдо бара жаткан бирөө угуп, ооруканага алып барыптыр” деди апасы.

Кызы Таластагы ооруканадан үч күндөн кийин Бишкекке которулат. Бишкек шаардык клиникалык «Тез жардам» ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө бир ай жатат. Жалпысынан эки айга жакын ооруканада дарыланып, 18-декабрда чыккан. Кайын журту анын күйүп калганын жакындарына угузбай, Таласка алып кетишкен.

Апасынын айтымында, дарыгерлерге кызынын кайындары бензин менен от тамызганда жалын чачырап, күйүп калды деп калп айтышкан.

Кызы да айткан эмес. Жакында жолдошу мас болуп алып, дагы зомбулук көрсөтө баштаганда гана апасына телефон чалып, алып кетишин суранган. Кийин окуяны айтып берген.

Учурда ал Бишкекте, апасынын үйүндө. Психологдун жардамына жана дарыланууга муктаж. Анын денесинин 60 пайызы күйүп калганы айтылат.

Апасы Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдирди. Апасы кызына зомбулук көрсөткөндөр жана аны жаап жашыргандар жазага тартылышын талап кылууда.

Бакай-Ата райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жабырлануучунун күйөөсү  Ж.у.Д. 32 жашта, Талас шаардык мэриясында иштейт.

Талас прокуратурасынын Акыйкатчы институтуна берген маалыматы боюнча, апасынын арызы Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, териштирүү иштери башталды.

Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөргө катуу чара көрүүгө чакырды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты