Балдары менен алтынчы кабаттан кулаган аялдын күйөөсү эки айга камакка алынды
- 1 месяц мурун
Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган аялдын күйөөсү, А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.
Анын бөгөт чарасы 6-апрелде каралганын шаардык соттон маалымдады.
4-апрелде кечке жуук Бишкектеги “Жал” кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен аял кулап кеткен. 27 жаштагы аял эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан берген. Төрт жаштагы наристе кызы ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Балкондон кулаган наристе өтө оор абалда ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балкондон кулаган наристе көптөгөн жаракаттарды алган.
Сүрөт: ИИБ




